Өзгөндөгү аламан улакта сузактык 27 жаштагы жигит каза болду

Өзгөндөгү аламан улакта сузактык 27 жаштагы жигит  каза болду
Өзгөндөгү аламан улакта каза болгон 27 жаштагы жигит атын сугаруу үчүн баратып, аттын буту тайып, жардан Яссы дарыясына кулап кеткен
Бул тууралуу Ош ОИИББ билдирди. А. И. окуя болгон жерде каза болгон. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Эске сала кетсек, Кемпир-Абаддын аймагында өтүп жаткан аламан улакты Манас Ниязов уюштурганы айтылууда.