Өзгөндөгү аламан улак учурунда автокырсык катталып, айдоочу жандандыруу бөлүмүнө түштү
Өзгөндөгү аламан улак учурунда автокырсык катталып, андан жаракат алган киши Жалал-Абад облусутук клиникалык ооруканасына ооруканага жеткирилди. Окуя Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында болгон.
"Тергөөнүн берген маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 2000-жылы туулган А.А., өзүнүн автоунаасы менен Сузак районунан Өзгөн районуна аламан улакка бара жатып, рулдук башкарууну жоготуп, жол четиндеги жарга түшүп кеткен" деп билдирди Ош облустук милициясы.
Буга чейин социалдык тармактарда тараган видеолордо дөңдүн башына чыккан автоунаа катуу ылдамдыкта ылдый түшүп келип, жолдо токтоп турган машиналарды сүзгөнүн көрүүгө болот.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери жарандын колу-буту сынганын маалымдады.
"Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына 2000-жылы туулган Сузак районунун тургуну Абакиров деген бейтап кайрылды. Ал Ош-Бишкек трассасында, Кемпир-Абадга жетпей, машинасын кырга койом деп, 200 метр бийик жерге машинасы менен чыкканда жол кырсыгына учураган. Ал тез жардам менен бизге жеткирилди. Аны кабыл алып, алгачкы жардам көрсөтүлдү, баланын сөөгү 5-6 жеринен сынып, ички органдары жарылып кеткен. Жарылган, кан кеткен жерлерин тигип, жардам көрсөттүк. Оор операциялар үч күндөн кийин жасалат",-деп билдирди Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын дарыгери Адилбек Абдукадыров.
Буга чейин да аламан улак учурунда ар кандай кырсыктар катталган. Мындан улам коомдо аламан улактагы коопсуздук маселесин камсыздоо боюнча бир канча жолу ар кандай сунуштар жана кызуу талаш-тартыштар болгон.