Сузактагы мектепте өрт чыкты

Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы Комсомол айылында жайгашкан «Аль-Фауз» жеке билим берүүчү мектептен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу
боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закировдун билдиришче тилсиз жоону өчүрүүгө Сузак райондук №65 бөлүмү, ошондой эле Жалал-Абад шаардык №1 жана №3 бөлүмдөрүнөн жалпы 80 кызматкер, 7 өрт өчүрүүчү техника, 1 автошаты жана 1 суу ташуучу автоунаа тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт саат 02:34тө курчоого алынып, саат 03:31де толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен аталган мектептин чатыры жана 3-кабатынын 1800 чарчы метр аймагы күйгөн.
Учурда жеринде атайын жумушчу топ түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо жумуштарын алып барышууда.
Билим берүү мекемеси 2016-жылдан тартып, 400дөн ашуун келечек муундарына билим берип келет.