Сузакта 15 жаштагы өгөй кызын зордуктады деген шек менен 43 жаштагы киши кармалды

Сузакта 15 жаштагы өгөй кызын зордуктады деген шек менен 43 жаштагы киши кармалды

Облустук милициянын маалыматында 2025-жылдын 16-апрель күнү  Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБне, райондун балдарды социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адиси 1990-жылы туулган С.Ж.  арыз менен кайрылган. Анда 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран көп убакыттан бери жашы жете элек 2009-жылы туулган А.А. аттуу өгөй кызына карата физикалык зомбулук көрсөтүп, зордуктап жыныстык катнашка барганын жана окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Мал базар көчөсүндө болгонун билдирген. 

Аталган маалымат  Ысык-Ата РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, 2009-жылы туулган А.А. карата соттук-медициналык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, топтолгон материалдар аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБне жиберилген.

2025-жылдын 19-апрель күнү Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын  кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 

2025-жылдын 21-апрель күнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин жана  Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш- аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалып, Сузак  райондук соту тарабынан   эки айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

шектүүнүн сүрөтү