Сузакта жумушсуз жүргөн жарандар үчүн 120дан ашуун бош ваканциялар сунушталды

Сузакта жумушсуз жүргөн жарандар үчүн 120дан ашуун бош ваканциялар сунушталды

Райондук маданият үйүндө уюштурулган жарманкеге жумуш берүүчүлөр, студенттер жана иш издеген жарандар катышты. Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Мамытов мындай аракет калк арасында жакырчылыкты азайтууга багытталганын айтат.

«Жылына эки ирээт иш берүүчүлөр менен жумушсуз жарандарды бир аянтчага чогултуп атайын жарманке уюштурабыз. Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер район аймагында ишкердик менен алектенген субьекттерге байланышып, алардагы бош жумуш орундарын чогултуп, калкка сунуштап жатабыз. Азыркы тапта 120дан ашуун бош жумуш орундар көрсөтүлдү. Алардын басымдуусу кызмат көрсөтүү тармагы, жеңил өнөр жай тармагы аны менен катар мамлекеттик мекемелердеги бош орундар да бар. Айрым иш издеген жарандар ушул жерден ишкана өкүлдөрү менен бетме бет сүйлөшүп, келишим түзүп, жумушка орношууга да мүмкүнчүлүк жаралды»,-деди Ө. Мамытов.

Мындан сырткары ал акыркы мезгилде жумушсуздуктун санын азайтуу максатында 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандарды кыска мөөнөттү, бир кесипке багыттаган окутуудан өткөрүп жатканын, ушул мезгилге чейин 20дан ашуун жаран окуп, сертификаттарга ээ болуп, айрымдары жумушка орношконун кошумчалады.

Мекеменин маалыматына таянсак, быйыл жыл башынан бери райондо 1109 киши иш издеп кайрылган, алардын ичинен 800дөн ашуунуна расмий жумушсуз статусу берилген.