Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 9 ТОКТОМУ 11-май 2023-жыл
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №261 буйругунун негизинде, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин угуп жана талкуулап , Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XIX – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №261 буйругуну эске алынсын.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби бекитилсин. (Тартип тиркелет)
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибинин аткарылышы көзөмөлдө жагы айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековго жүктөлсүн.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
Бүргөндү айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: __________А.К.Кубатбеков
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын 2023-жылдын 11-майдагы №9 Токтомуна тиркеме
Жергиликтүү маанидеги маселелердин башкаруунун Типтүү тартиби
⸹1. Жалпы жоболор жана терминдер
1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары-Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27. 34-беренелеринин 2-пунктундагы 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2.Типтүү тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды камтыйт.
3.Бул типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция-мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйынысы;
Көзөмөл- ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;
Мониторинг жана баалоо-башкаруу субъектине башкарылуучу оъектине эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо,иштетүү,талдоо жана балоо процесси;
Милдеттенме- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар,жөлөкпулдар,компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык –техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагыындачечүү;
Уюштуруу- жергиликтүү манидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук- мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функциялар аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарга каралган укугу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу
Функциясы - бул уюмдардардын,ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү бюонча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн тургун(пандаштыруу, жөнгө салуу ,контролдо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө турган аракеттери;
Башкаруу – уюмдун максатында же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат – юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждардын каннаттандырууга, алардын конституциялык укутарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети.
⸹2. Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
- Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт;
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу;
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөөгө ашыруу;
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контролдоо жүргүзүү.
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ашырылат.
- Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштурууөүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
- Функциялардын, кызмат көрсөтүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат:
№1-кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.
№ 2-кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы талдоолорун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандап алынат.
№3-кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги булл маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер пландан бөлүнүп белгиленет.
№4-кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча фуекциялардын ,кызмат көрсөтүлөрдүн ,милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№5-кадам
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен комдук талкуудан өтөт.
№6-кадам
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин , кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесини бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген).
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
ал төмөнкү чараларды камтыйт;
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди ,чараларды жан кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
- кызмат көрсөтүүчүнү , иштерди аткаруу үчүн подрядчынын тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жүргүзүү;
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрөстүүлөр үяүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда);
- жергиликтүү мааанидеги маселени чечүүдө каржыло жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгөбайланышкан башка чаралар;
9.Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт.
⸹3.Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу
- Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттери жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу,шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкулоо процестерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун ,ошондой эле жергиликтүүө маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
- Мониторинг жана балоонун натыйжалары жергиликтү кеңеш тарабынан өз жыйналыштарында каралат.