Жалал-Абадда абактан чыккан 34 жарандын бири айдоочулук күбөлүк, калгандары паспорт алды

Жалал-Абадда абактан чыккан 34 жарандын бири айдоочулук күбөлүк, калгандары паспорт алды

 Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин облус боюнча башкармалыгынын   башчысы Уларбек Эшалиев билдирди. Анын айтымында кызматкерлер жеке программанын негизинде жарандардын документтерин калыбына келтиришип турат. 
“Быйыл жыл башынан бери биздиш башкармалыктын кызматкерлери абактан чыгып, ар кандай себеп менен документтерин жоготуп алган 34 кишиге жардам берип, документтерин калыбына келтирип берген. Алардын ичинен 33үнө жалпы жарандык паспорт, бирөөсүнө айдоочулук күбөлүк алынып берилди”,-деди ал. 
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусундагы Пробация башкармалыгында
31 кызматкер эмгектенет. Учурда алар 767
соттолуучуга коземел жургузуп келет.