БШК жарандарды тесттик добуш берүүгө чакырат

ТЗ - анонс – 20 жана 30-октябрда тесттик добуш берүүгө келгиле!
Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын -20 жана 30-октябында тесттик аралыктан добуш берүүнү өткөрөт.
Ар бир шайлоочу 20-чы жана 30-октябрда каалаган шайлоо участогуна барып, аралыктан добуш берүү кандайча ишке ашаарын текшере аласыз. Келип, тесттик добуш берүүгө катышыныз.
Аралыктан добуш берүү быйылкы парламенттик шайлоодо биринчи ирет пайдаланат.
Анын максаты эмне? Эн негизгиси - шайлоочуларга ынгайлуу шарт түзүү.
Добуш бере турган күнү ар кандай себеп менен үйдө болбой калышыбыз мүмкүн – кимдир бирөө зарыл иштер менен башка айылга же шаарга барыш керек болуп калат, дагы бирөө командировкада чет өлкөдө болуп калат, же ооруканада болуп калышыбыз да мүмкүн. Мына ушундай турмуштук ар кандай кырдаалдарды эске алганда – аралыктан добуш берүү шайлоочулар үчүн эң ынгайлуу.
Ал үчүн жашаган жериңизден кандайдыр бир справка, же барган жериңизге алдын ала каттоого туруу сыяктуу бюрократиялык түйшүктөрдүн кереги жок. Болгону жаныңызда ID-картасы, чет өлкөлүк паспорту же «Түндүк» тиркемеси болушу керек.
Шайлоо күнү кайда болбоңуз, ошол жердеги жакын жайгашкан шайлоо участогуна барасыз да, аралыктан добуш бере аласыз. Ал участоктон Сизге өзүнүздүн шайлоо участоктун бюллетенин чыгарып беришет. Ошентип, Сиз өзүнүздүн участоктон депутаттыкка аттанган талапкерлердин бирөөнө добуш бере аласыз.
Чет өлкөдө жүргөн болсоңуз да ушундай эле жөнөкөй – алдын ала элчиликке же консулдук кызматка барып, каттоого туруу зарыл эмес. Добуш берген күнү чет өлкөлөрдө биздин элчиликтер ачкан шайлоо участогуна барасыз да, аралыктан добуш бересиз. Ал үчүн Сиздин Кыргызстанда каттооңуз болгону жетиштүү жана алдын ала өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшерип алганды унутпаңыз.
Тизмени өзүңүздүн шайлоо участогуңузга барып же www.tizme.gov.kg сайтынан текшере аласыз. Ошондой эле 1255 же 119 номерлерине чалып, же болбосо «119» кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу текшере аласыз. SMS билдирүүдө паспортуңуздагы жеке идентификациялык номериңизди (ПИН) жазыңыз жооп катары Сиздин шайлоо участкаңыздын номери жана дареги жөнөтүлөт. SMS жөнөтүү жана чалуу акысыз.
Башка жакка самолет менен учуп кетип жаткандар үчүн аэропорттордо, зарыл иши менен базарлап жүргөндөргө – ири базарларда, айрым ири соода борборлорунда, сыркоолоп жаткандарга – айрым ири ооруканаларда участоктор ачыла турганы пландаштырылууда.
20-чы жана 30-октябрда каалаган шайлоо участогуна барып, аралыктан добуш берүү боюнча тесттик добуш берүүгө катышыныздар!