Шайлоо 2025: чет өлкөдө 71 шайлоо участоктору түзүлөт

КР БШКсы чет өлкөдө 71 шайлоо участкасын түзүү жөнүндө токтом кабыл алды (тизме)
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бүгүн, 18-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн 71 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага ылайык, шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылат:
Россия – 22 участок: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Казань, Иркутск, Владивосток, Красноярск, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Сургут, Южно-Сахалинск, Хабаровск, Краснодар, Якутск;
Түркия – 8 участок: Анкара, Кайсери, Эскишехир, Анталья, Аланья, Стамбул, Бурса, Измир;
Казакстан – 2 участок: Алматы жана Астана;
Америка Кошмо Штаттары – 6 участок: Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго, Сан-Франциско;
Түштүк Корея Республикасы – 3 участок: Сеул, Инчхон, Сувон;
Италия – 2 участок: Рим жана Кальяри;
Германия – 2 участок: Берлин жана Франкфурт;
Кытай Эл Республикасы – 2 участок: Пекин жана Гуанчжоу;
Бириккен Араб Эмираттары – 2 участок: Абу-Даби жана Дубай.
Мындан тышкары, төмөнкү мамлекеттерде бирден шайлоо участогу ачылат: Сауд Аравиясы, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран, Монголия.