Облус башчысы Тилек Текебаев энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттуктады

Облус башчысы Тилек Текебаев энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад облустук электр тармактар ишканасына барып, энергетика тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоо сөзүндө облус башчысы энергетика өлкөнүн экономикасынын өзөгүн түзгөн, калктын турмуш сапатын камсыз кылган стратегиялык маанидеги тармак экенин белгиледи.
Ошондой эле ал акыркы жылдары республикада энергетика тармагын өнүктүрүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу багытында ири иштер аткарылып жатканын белгиледи. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Тилек Текебаев Жалал-Абад облусу өлкөдөгү энергетика тармагынын флагманы экенине токтолуп, аймакта ири жана чакан гидроэлектр станциялары активдүү иштеп жатканын кошумчалап, тармактын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.