Аксыда сел жүрүп, 2 турак үй, ички жолдор, 20 гектардай эгин талаасына зыян тийди

Кыян кечээ 1-июнь күнү райондун Үч-Коргон айыл аймагынын Дейрес айылында болжол менен саат 19:30 – 20:00лар чамасында катуу жааган жаандан кийин орун алган. Жергиликтүү тургундардын айтымында селден кийин айылдагы трансформатор иштен чыгып, электр-энергиясы үзгүлтүккө учурап, айылда дээрлик байланыш жок.
«Кечээ түшкөн кийин айылда жамгыр жаап, андан кийин кокту-колоттордон түшкөн кыян айылды каптады. Селдин көлөмү чоң болчу, ал айылдагы ички жолдорду, эгин талааларын каптап ондогон айылдаштарыбыздын турак үйлөрүнүн короо жайын, жер төлөөлөрүн басты. Аны менен катар суу айылдашыбыздын «Хундай Портер» унаасын да турган жеринен агызып кетти»,-деди айыл тургуну.
Ал эми, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиргендей учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.
«Сел суулары Дейрес айылындагы болжол менен 20га аянттагы айыл чарба жерлерин, 1500 метр аралыктагы ички жолду каптаган. Мындан сырткары айыл чарба жерлерин каптап өткөн сел суулары, Аксы райондук суу чарба башкармалыгына караштуу суу насос орнотулган курулуштун айлана тегерегин каптаган. Суу насоско зыян келтирилген эмес. Азыркы учурда автоунааларга каттам ачык. Кечээ күнү кызматкерлер тартылган.
Ал эми, бүгүнкү күнү Үч-Коргон айыл аймагынан атайын бир бирдиктүү 1 техника тартылып, ички чарбалык жолдорду сел калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзөт, жарандык коргонуу комссия тарабынан сел баскан айдоо аянттары боюнча тактоо иштери жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.