Базар-Коргондо өткөн жылы пахтанын наркы арзан болгондуктан, быйыл ак буланын аянты кескин кыскарды

Райондук айыл чарба депортаментинин башчысы Марсель Коконовдун айтымында ушул жылы 285 гектар аянтка пахта айдалган.
«Пахтанын мээнети күч болуп, эгип, жыйноо көп күч талап кылгандыктан. Аны менен бирге ак буланын наркы төмөн болгондуктан көпчүлүк дыйкандар бул өсүмдүктү экпей жатышат. Сөзүм куру болбошу үчүн биз быйылкы жылкыга райондогу 1469 гектарга пайта эгилээрин болжолдоп жатканбыз, а бирок иш жүзүндө 285 гектарга гана эгилди. Акыркы жылдары чыгашасы чоң, баасы арзан болуп жаткан өсүмдүк аянты кыскарган тенденсия жүрүп жатат. Алсак, былтыркы жылы да биз болжолдогон аянттан 1100 гектарга аз эгилген болчу. Дыйкандар пахтанын оордуна мээнети аз болгон гүрүч, малга тоюттар жана жашылчаларды көбүрөөк эгип жатышат»,-деди Марсель Коконов.
Былтыркы жылы элеттик дыйкан Насыр Кожоназаров заводо 1 кг пахтаны 65 сомдон өткөрүп жатканын айткан болчу. Ал өткөн жылы «К-66» сортундагы пахтаны эгип, аны толук жыйнаганга чейин 1 гектар аятка 120 миң сомдон 150 миң сомго чейин чыгаша кылганын, бирок баанын төмөн болушу дыйкандын мээнетин актабай калаарын айтып, эгер баа төмөндөй берсе ак буланы экпей калаарын айткан болчу.
Базар-Коргон районунун аймагында пахта алган 5 завод ишмердүүлүгүн жүргүзүп
келет. Райондо жалпы 21 миң 300 гектар айдоо аянты бар.