17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосунда кантип добуш берүү керек?
Шайлоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору жарандары катыша алат. Шайлоо күнү сиз:
- эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеген өзүңүздүн шайлоо участкаңызга келишиңиз керек.
- Шайлоо тизмесинен өзүңүздү табыңыз.
- Операторго паспортуңузду көрсөтүңүз. Ал ID-карта же чет өлкөгө чыга турган паспорт, же " Түндүк "системасындагы ID-картанын электрондук түрү болушу мүмкүн. Оператор сизди биометрикалык жана персоналдык маалыматтар боюнча идентификациялайт. Аныктоодон кийин, аппарат сизге чек жана шайлоо бюллетенин берет.
- Чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүп берип, шайлоочулардын тизмесине кол коёсуз.
- Шайлоо бюллетениңиз менен добуш берүү кабинасына өтөсүз.
- Эгерде сиз шаардык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаңыз, бюллетенде добушуңузду бере турган партияны тандаңыз. Эгерде сиз айылдык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаныз, анда талапкерлерди тандаңыз.
- Бюллетениңизди автоматтык түрдө окуган урнага киргизиңиз.
- Татыктууну тандаңыз! Ар бир добуш маанилүү!
Шайлоо участогунун номерин жана дарегин 119,1255 номерине чалып билсеңиз болот.
Талапкерлер менен округ боюнча таанышууга шайлоо участкасында же talapker.shailoo.gov.kg сайтында болот.