Жалал-Абадда тойдо жүргөн топ балдардын мушташы орун алды

Жалал-Абадда тойдо жүргөн топ балдардын мушташы орун алды

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул боюнча облустук милиция маалымат таратып, окуя 10-cентябрь күнү калаадагы “Токтогул” эс алуу багында орун алганын билдирди.
Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшундө жалпы 17 жаран Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынып, жыйынтыгында бири бирине арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан»,-
деп айтылат милициянын маалыматында.