Манас шаарында алгачкы жолу бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат

Манас шаарында алгачкы жолу бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат

 Бүгүн, 6-декабрда мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спорт тармагынын жетекчилери жана күйөрмандар катышты. Быйылкы чемпионат Манас шаарында жаңыдан курулуп, заманбап талаптарга ылайык жабдылган Бокс академиясында уюштурулууда. 
Академия спортчулар үчүн ыңгайлуу шарттарды, машыгуу залдарын жана мелдеш өтүүгө толук жооп берген рингдерди камтыйт. 
 Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатына өлкөнүн 7 облусунан жана эки шаарынан жалпы 150 спортчу келип, күч сынашууда. 
Бул чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын улуттук курамасына тандалып, өлкө атынан эл аралык турнирлерге жана чоң мелдештерге жолдомо алышат. 
Ошондой эле бул беттештер жаш таланттарды аныктоого, алардын келечектеги спорттук карьерасына жол ачууга мүмкүнчүлүк түзөт.