Архив кызматкерлери арасындагы мелдеш
Ушул жылдын 5-7-сентябрь күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тутумунун кызматкерлери арасында республикалык спартакиада болуп өттү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук Архив кызматынан кабарлады. Алар маалымдагандай спартакиадада футбол, волейбол, бильярд жана аркан тартыш сыяктуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашты.
Бул спорттук мелдеште Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгынан барган Футбол боюнча команда 1-орунду алышса, Волейбол боюнча барган команда 2-орунду ээлешти. Мында Жалал-Абад командасынан футбол боюнча "Мыкты дарбазачы" Бегматов Батырбек , "Мыкты чабуулчу" деп Өмүрбек Дженбеков ал эми Волейбол боюнча Медербек Мамытовдор өзгөчө сыйлыктарга ээ болушту.
Иш чараны Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгы менен Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган.
Аталган спартакиаданын кезеги Жалал-Абад облусуна өткөрүлүп берилди.