Сузакта 80 000 сомдук койлорду уурдаган 23 жаштагы жигит камакка алынды

Сузакта 80 000 сомдук койлорду уурдаган 23 жаштагы жигит камакка алынды

Сузакта 7 баш кой уурдаган 23 жаштагы жигит камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалым болгондой, жабырлануучу базар баасы менен алганда 80 миң сом зыян тарткан.

«12-ноябрь күнү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 1979-жылы туулган Сузак районунун тургуну К.И. арыз менен кайрылган. Анда базар баасы менен алганда 80 000 (сексен миң) сомдук жети баш койун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205/1-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кызматкерлер
дин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2024-жылдын 14-ноябрь күнү кылмыш ишине шектүү катары 2001-жылы туулган Сузак районунун Б.Т. аттуу тургуну кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.Т. кылмышты мойнуна алган. Ага карата Сузак райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, эки айга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.

"Акыйкат"