Жалал-Абадда бош жумуш орундар жарманкеси болду

Жалал-Абадда бош жумуш орундар жарманкеси болду

Жалал-Абадда жумушсуз жүргөн жарандарга 300дөн ашык бош ваканциялар сунушталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдирди. Белгилүү болгондой бош жумуш орундар жарманкеси калаадагы Б. Алыкулов атындагы драм-театрынын алдында уюштурулган.
«Жылына эки ирээт
жумуш берүүчүлөр менен иш издеген жарандарга аянтча түзүп беребиз. Бул жолу ага жүздөгөн жарандар катышып, айрымдары келишим түзүүгө жетишти. Мындан сырткары биздин башкармалык акыркы учурда санариптешүүгө өтүп, социалдык тармактар аркылуу да бош жумуш орундарын шаар тургундарына сунуштап келебиз»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
М
аалым болгондой, быйылкы жылдын 1-ноябрына карата расмий жумушсуздардын саны 291ди түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилинде 632ни түзгөн.

"Акыйкат"