Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык сотторуна жаңы судьялар дайындалды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук сот адилеттик үйүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жаңы судьяларды бүгүн 5-августта эмгек жамаатка облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова тааныштырды.
Судьялар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалды.
Тизме:
1. Жаныбек Кенжебек уулу Жалал-Абад облусунун административдик сотуна.
2. Колдошов Иззат Исманович Аксы райондук сотуна.
3. Моңолбаев Жаныбек Васирович (курагынын чегине жеткенге чейин),Базар-Коргон райондук сотуна.
4. Ахматов Айбек Болотбекович Жалал-Абад шаардык сотуна.
5. Ажибраимов Эльдар Эмильевич Кара-Көл шаардык сотуна.
6. Талгат Жылкычы уулу Ноокен райондук сотуна.
7.Мирлан Аскат уулу Сузак райондук сотуна.
8. Осмонов Өмүрбек Маматкасымович Таш-Көмүр шаардык сотуна.