ЖАЛАЛ-АБАД: Коопсуздукту эске албагандардын жайлары жаптырылды

ЖАЛАЛ-АБАД: Коопсуздукту эске албагандардын жайлары жаптырылды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын тиешелүү адистеринен турган комиссия курамы 18-июлда шаардагы коопсуздук эрежелери сакталбай көмүр кычкыл газын жана газ баллондорду иштеткен соода жайларын, тез татымдарды текшеришти. Мындай текшерүү буга чейин дагы болгон. Бирок буга чейинки берилген эскертүүлөргө карабай талаптарды аткарбаган соода жайлардагы кооптуулук жараткан газ баллондорду алып, 10дой газдалган суу, тез татым саткан жана гриль бышырган жайларды мэриянын өкүлдөрү жапты. Мындай чечимге барбаса буга чейин орун алган кырсык кайталынышы мүмкүн.