Тогуз-Торо районунун Казарман айылында полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы жыйын өттү

Тогуз-Торо районунун Казарман айылында полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы “Экология жана биз” деген темада атайын иш-чара өттү. Ал “3-июль – Дүйнѳлүк полиэтилен баштыктарсыз күн” жана “11-июль – Балык уулоого каршы аракеттер күнүнѳ” карата, райондогу “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы уюштурду.

Тегерек столго Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик экологиялык уюмдардын, балдар бакчаларынын жетекчилери, экологиялык NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Алгач мамлекеттик парктын жетекчиси Айбек Кожошев сөз сүйлөп, иш-чаранын максаты – коомчулукту полиэтилен баштыктарынан арылтууга салым кошуу болуп саналаарын белгиледи. «Биз буларды бир жолу колдонулуп, эртеси таштандыга таштап салабыз. Ал желим баштыктар кайра эле экологияга зыянын тийгизип келет. Биз аларды колдонууга тыюу салышыбыз керек!»,-деди ал.

Өз кезегинде NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматов, эл арасында экологиялык билимди жайылтуу максатында балдар бакчасынан тартып, мектеп, ЖОЖдор жана жергиликтүү тургундарга чейин экологиялык сабактарды тынымсыз өткөрүп турушаарын белгиледи.

“Табийгатта баардык нерсенин душманы бар. Ошол эле жан жаныбарлардын, бак-дарактардын, темир буюмдардын. А бирок мына ушул полиэтилендин душманы жок. Ал жаратылышка ташталса, текстурасына карап 20 жылдан 1000 жылга чейин чирип жок болуп кетпей жата берет. Бул көрүнүш экологияга сөзсүз зыянын тийгизет. Ошондуктан азыр Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө полиэтилен буюмдарынан баш тартуу өнөктүгү жүрүүдө”,-деди Ы.Аматов.

Тегерек столдун алкагында аталган уюмдун түштүк бөлүмүндөгү “Экологиялык билим берүү” бөлүмүн жетекчиси Айтолкун Арстанова “Кыргызстанда экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда NABU уюмунун салымы” деген аталышта презентация жасады.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар жарандарды өлкө экологиясын сактоо ишине көңүл кош мамиле кылбоого, бала бакчадагы тарбиялануучулардан тартып, улуу муундагыларга чейин маалымат жеткирүүдөн талбоого чакырышты.

Акырында катышуучуларга экологиялык баштыктар, плакат-календарлар, таркатма материалдар белек катары берилди.