Кара куурай өрттөлөт
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чолок-Терек, Кар-Күнгөй, Жаңы-Арык айылдарында өскөн кара куурай өсүмдүгү орулуп, өрттөлө баштады. Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык кызматкерлери менен бирдикте 3 гектарга жакын жердеги кара куурай жок кылынып, өрттөлдү.
Ушундай эле иш-чара А.Суеркулов айыл аймагынын Коргон, Кишен-Сай участокторунда аткарылып жатат.
Исабек Токтогулов, Токтогул району