КРнын БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ Н. ШАЙЛДАБЕКОВА 17-НОЯБРДА ӨТӨ ТУРГАН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ШАЙЛООСУНДАГЫ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРДИ
Нуржан Шайлдабекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
-Нуржан Кармабековна, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештеринин шайлоосундагы жалпы өзгөчөлүктөр жана жаңычылдыктар тууралуу айтып берсеңиз?
-17—ноябрда жалпы Кыргызстандын 33 шаарында жана 231 айыл аймагында айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоосу өтөт. Бул шайлоо өлкөдө жүргүзүлгөн административдик аймактык реформанын натыйжасындаөткөрүлүүчү шайлоо. Ушул шайлоодо, шайлоо аркылуу биздин жергиликтүүөз алдынча башкаруу системасынын өкүлчүлүк органдарынын оптимизациясыболот деп айтсакда болот. Анткени, жаңы административдик аймактык түзүлүштүн алкагында, бизде жергиликтүү башкаруу системасы оптимизациядан өттү. Анын максаты баарына белгилүү. Баардык адамдык, экономикалык, жаратылыш ресурстарынын баарын көбүрөөк башкаруу системасында тейлөөүчүн эмес, биздин жарандардын жашоосун жакшыртуу жана аймактарды өнүктүрүүгө багыттоо.
Демек, ушул шайлоо аркылуу шайлануучу кеңештердин алдыда турган милдеттери абдан бийик, ошол үчүн бул шайлоо өнүгүүбүз үчүн аябай маанилүү.
Жергиликтүү кеңештер бул жолу 4 жылга эмес 5 жылга шайланышат. Бир нече мыйзамдарда жаңы өзгөрүүлөр болду. Ал жерде алардын ыйгарым укуктары боюнча, жоопкерчиликтер жаатында алдыга карай өнүгүүүчүн жаңы максаттар жана милдеттер аныкталды.
Кеңештерди шайлоо тартибинде да айрым өзгөрүүлөр болду. Мисалы, шаардык деңгээлде партиялар үчүн шайлоо босогосу 7%дан, 5%га төмөндөдү. Бул деген ар кандай саясий топтордун, социалдык топтордун ошол кеңештеги өкүлчүлүктөрүн көбүрөөк камсыздоо үчүн ушундай норма киргизилди. Ошондой эле айылдык деңгээлде дагы шайлоо күрөөлөр өзгөрүлдү. Бул дагы шайлоого катышуу үчүн жеңилдетүүнүн бир түрү.
Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы дагы бир нече жөнгө салуучу нормалар киргизилген. Мисалы, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери эгерде шайлоого катыша турган болсо, алар өзүнүн кызматын толугу менен өткөрүп берип анан шайлоого катыша алат деген норма киргизилди. Бул деген ишканалардын ресурстарын партиялар же талапкерлер үчүн колдонбоо максатта ошондой тактоо киргизилип жатат. Ошондой эле билим берүү, социалдык тармактагы мекемелердин жетекчилери алар айылдык жана шаардык интелегенция катары, алардын кеңештерге келүүсү жакшы деп, ошону колдоо максатында алар үчүн өз ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү дагы такталды.
Ар кандай процедуралар боюнча дагы бир нече мыйзамдарда өзгөрүүлөр бар. Бирок, мен ойлойм шайлоо тартиби, добуш берүү тартибиндеги процедураларында дагы жакшы өзгөрүүлөр болду. Айталы, бул шайлоодобиринчи жолу биздин Кыргызстанда аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү киргизилип жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы мененушул шайлоону дайындоодо ошондой чечим кабыл алынып, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган. Мына ушул багытта биздин шайлоочуларга шарттарды түзүп берүү максатында биз 10 атайын участканы ачтык. Баардык облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарында 4 участка ачылды.
Аралыктан добуш берүү - бул добуш берүү күнүндөөзүнүн туруктуу каттоосу боюнча добуш бере албаган жарандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Алар ошол аралыктан добуш берүү участкаларына катталып, шаарларда жана убактылуу иштеп жаткан же окуп жаткан жеринде добуш бере алат. Ушул тапта бизде 9050 шайлоочу ошол аралыктан добуш берүүгө катталды. Анын ичинде 70%зы 35 жашка чейинки жаштар. Демек, окуп жатышкан жарандарыбыз катталып добуш берип жатышат десек болот.
Шайлоо участкасындагы баардык колдонулуп жаткан программалар жана жабдуулардагыжаңыланды, анткени алар көп жылдан бери колдонулуп жаткан. Алар жөнөкөй эле жаңыланган жок, алар функционалдуу түрдө жакшыртылып, модернизацияланып президентибиздин, министрлер кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Бул жерде көп кызматтарды аткаруучу идентификациялоочу аппарат болот. Ал паспортту, кол манжаларын, беттин параметрин сканирлөө аркылуу бизге толук кандуу “бир шайлоочу, бир добуш” деген принциптеги кызматты ишке ашырып берет. Ал эми автоматтык эсептөөчү урналар баарына белгилүү. Шайлоодо ошону эле колдонобуз, бирок ал дагы ички аппарат системасы толугу менен модернизациялоодон өттү. Мурдагыга караганда батыраак анан жеңилирээк иштейт.
Дагы бир чоң жаңылык, айтып жаткан жаңы аппараттарыбыз шайлоочуларыбызды ошол эле жерден идентификациядан да өткөрүп, бюллетендерди дагы басып чыгарып берет.
Ошондой эле баардык шайлоо участкаларында видео байкоолор орнотулат. Эгерде кандайдыр бир талаш-тартыштар болсо, биз ошол видео байкоолор аркылуу ал жердеги кырдаалдын кандай багытта болгондугун аныктап билсек болот.
Ал эми аралыктан добуш берүү участкаларында видео байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырабыз, ал жерде видео байкоо түз эфирде биздин атайын www.shailoo.infoдеген сайтыбыз аркылуу чагылдырылат. Мындан тышкары борбордук сервер дагы толугу менен жаңыланды. Баардык мурдагы колдонулуп жаткан программалар оптимизациядан өттү.
Мына ушул чаралардын баары биздин шайлоо процессин мындан ары да ачык-айкын жана так кылуу максатта болуп жатат. Мамлекет тарабынан кандай милдеттер болсо, алардын баары ишке ашырылып, шайлоочуларыбыз үчүн шарттарды түзүп берип жатабыз.