КООПТУУЛУКТУ ЖОЮУ ЖУМУШТАРЫ АТКАРЫЛУУДА
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жалал-Абад облусу боюнча эң кооптуу аймактардын бири саналган – Аксы районундагы пландагы жана пландан сырткары жумуштарды жеринен көрүп чыгууда. Бул тууралуу аталган министрликтин облустук башкармалыгынан кабарлады. Алар билдиргендей, министрдин орун басары кооптуулугу жогору Кара-Суу дарыясына керектүү инженердик техникаларды тартуу боюнча тапшырмаларды берип, турак жайларга жана айыл чарба жерлеринде жаралган кооптуулук кыска аралыкта жоюуларын жергиликтүү тургундарга билдирди.
Мындан сырткары сел кырсыктары көп катталган аймактарды эске алуу менен жол тейлөө ишканасына берилген эскертүүлөрдүн аткарылбагандыгы үчүн №38 ЖТИнин жетекчисинин ишин кароо сунушун берилерин маалымдады.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жумуштарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте аткарууну тапшырды – деп айтылат маалыматта.
“Акыйкат”