Өрт өчүрүүчүлөр кышкы жылытуу сезонунда эрежелерди сактоого чакырышат
Ушул жылдын 15-ноябрь күнү Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон шаарынын А.Махмадалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн бөлмөсү жана чатыры жабыркаган.
Өрттүн келип чыгуу себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан жана материалдык зыян болжолдуу 83 мин 300 сомду түзгөн.
- От жагылуучу мештин от жагуучу эшигинин алдына темир түнүкө төшөлүшү керек,
50-70см өлчөмүндө.
- Турак үйлөрдүн жана мал сарайлардын чатырына кургак чөп мал тоюттарын жана тез
күйүүчү заттарын сактабаӊыз.
- Тоюут сактоочу жайды же жыйылган скирт чөптүн айланасын тосуу керек
- Тоюутту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун бойлоруна
сактабаӊыз.
- Турак үйдүн, мал сарайдын жана тоют сакталган жайлардын жанына таштанды таштап
аны өрттөбөӊүз
- От жагуучу мешти жана мооруларды оӊдоп түзөӊүз.
- Мал тоютун, жыгач жана куурай отундарын, мал тезектерин турак үйдөн, мал сарайдан
7-8 м алыстыкта жана тандыр очоктордон 15-20 метрден кем эмес алыстыкта
жайгаштыруулусу зарыл.
- От жагуучу мештин ыш тазалоочу жайларын жана мооруларын тазалооӊуз зарыл.
- Күл төгүү үчүн да атайын чуӊкур казылып, ал да тоют сакталган жерден, турак үйлөрдөн
жана Мал сарайлардан мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл.
- Турак үйлөрдүн, мал сарайлардын электр шаймандарын талапка ылайык мантаж
кылыӊыз.
- От жагылуучу мештерди от жагылып жаткан учурда жана газ, электр приборлорун
жанык түрдө кароосуз калтырбаӊыз.
- Жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө
керек
- Тамеки тартууда өчүрүл бөгөн калдыктарын, өрт чыгып кетүү коркунуч бар жерлерге
таштабаӊыз
Жогоруда көрсөтүлгөн өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен өрттүн алдын алып турак жайыӊызды жана үй мүлктөрүӊүздү өрттөн сактап, кырсыктан алыс болосуз.