36 жаштагы юрист, Ниязалы Кошокбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басары кызматына дайындалды

Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, жаңы дайындалган жетекчини бүгүн шаар мэри Келсинбек Бектемиров эмгек жамаатка тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматты Талантбек Мурзабеков жетектеп келген, ал башка кызматка которулгандыктан, өз каалоосу менен арыз жазганы маалым болду.
Кошумчалай кетсек, Таш-Көмүр шаарында 22 миңге чукул калк жашайт.
Резюме:
Толук аты жөнү: Кошокбаев Ниязалы Артыкбаевич
Туулган жылы: 09.03.1989-жыл
Билими: Жогорку. ЖАГУ (Жалал-Абад мамлекеттик
университети). Юриспруденция факультети жана
Педагогика факультети. Физика кафедрасы.
Адистиги: Юрист жана Педагог
Иш тажрыйбасы: 2011-2012-жылдары Таш-Көмүр шаарындагы №6 орто
мектебинин физика мугалими.
2016-2024-жылдары Таш-Көмүр шаардык мэриянын
алдындагы муниципалдык менчик департаментинин
жетекетөөчү адиси
2023-жылдан тартып ушул мезгилге чейин Таш-Көмүр
Шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
Департаментинин башкы адиси.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү