Калктын камы көрүлүүдө
Чаткалга быйылкы кыштын кары кеч жана учурда аз болгону мурдагы жылдардын ушул күндөрүнө салыштырмалуу элге түйшүк жарата элек. Анткени буга чейин бул мезгилде бир топ көлөмдүү калыңдыктагы кар жаап койчу. Бирок ошондой болсо да райондун борбору болгон Каныш-Кыя айыл аймагы өз карамагындагы айылдардагы ички жолдорду кардан улам тазалап жатышат. Бул аз жааган кар болсо дагы элдин жолдо ыңгайлуу басуусун шарттап, техникалар кар тазалоо менен алектенип жатышат.
Бүгүнкү күндө Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы «Каныш-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Жайыт комитетинин карамагындагы 2 даана погрузчик, 1 даана автогрейдер, 1 даана ДТ-75, 3 даана МТЗ-82 жана 2 даана МТЗ-95 үлгүсүндүгү тракторлор айыл аймактын карамагындагы 9 айылдын ички жолдорун кардан тазалашууда. Ал эми айыл аймактан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарына атайын бир кар тазалоочу техника бөлүнүп берилген.
Бактыбек Дилдебаев, Атайын кабарчы, Чаткал району