Жалал-Абаддагы район-шаарларда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу мыйзамга кирген өзгөртүүлөр боюнча жыйындар өтүүдө

Жалал-Абаддагы район-шаарларда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу мыйзамга кирген өзгөртүүлөр боюнча жыйындар өтүүдө

Жалал-Абаддагы район-шаарларда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу мыйзамга кирген өзгөртүүлөр боюнча жыйындар өтүүдө деп билдирет аймактык кабарчы.

Бүгүн, 25-мартта мындай чогулуш Жалал-Абад шаарында, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда уюштурулду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шайлоо тилкелеринин төрагалары катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева жыйындын максаты алдыда келе жаткан шайлоолор боюнча кирген айрым өзгөртүүлөр боюнча калк арасында маалыматтуулукту жогорулатуу экенин айтат.

«Баарыбызга белгилүү болгондой быйыл "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.

Ага ылайык, ЖКга 90 депутат 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан шайланып келет. Алардын 30у аялдар болушу керек. Ушул тапта биздин кызматкерлер жер-жерлерди кыдырып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо тилкелеринин төрагаларына шайлоонун өткөрүү тартиби жөнүндө маалыматтарды берип жатабыз. Бүгүн Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жыйындарды өткөрдүк. Буга чейин айтылгандай эле БШК шайлоону өткөрүүгө даярбыз»,-дейт БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева.

Маалым болгондой, бул жолку шайлоодо өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен эң көп добуш алган үч талапкер жеңип чыгат. Бирок жарандар бир гана талапкерге добуш бере алат. Эгер бирден ашык талапкерге добуш бере турган болсо, анын бюллетени жараксыз деп табылат.

Депутаттыкка талапкерди партиялар же жаран өзүн-өзү көрсөтө алат. Бирок партиялар ар бир округ боюнча бирден гана талапкерди көрсөтөт. Талапкер шайлоого катышуу үчүн БШКнын эсебине 300 миң сом шайлоо төлөмүн төлөйт. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул каражаттар талапкерлерге кайра кайтарылбайт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу боюнча чечим кабыл алды.