Багышта 60 кыз-келин кийиз иштетүү боюнча окутулду

Багышта 60 кыз-келин кийиз иштетүү боюнча окутулду

Багыш айыл аймагында «Аялдар коомдо күч» долбоорунун алкагында 60 кыз-келин улуттук кол өнөрчүлүк боюнча билим алды. Айыл өкмөт башчысы Нурсултан Түгөйбеков окутуунун жыйынтыгында активдүү катышкан 10 аялга сертификат тапшырды.

Долбоор «Аймира» коомдук фонду тарабынан КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды. Максат — аялдардын ишке орношуусуна шарт түзүп, жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өнүгүүгө салым кошуу.