Жалал-Абад: “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттерде туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык форум өтүп жатат (сүрөт баян)

Жалал-Абад: “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттерде туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык форум өтүп жатат (сүрөт баян)

Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген коноктор, туризм тармагында эмгектенген жергиликтүү адистер катышууда.
Форумда Эрнисбек Ормоков “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттерде туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык форумдун Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан Жалал-Абад шаарында өтүп жатышын өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, форумдун алкагында уюмга мүчө мамлекеттер менен туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдап, биргеликте ири долбоорлорду ишке ашырууга жол ачыларын кошумчалады.