«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын

 

Жаңы-Арык айылы                     2  Т О К Т О М У                     7-февраль  2024-жыл

 

«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» 

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2024-жылга бюджети жана 2025-2026 – жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндөгү берген маалыматын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын  кезексиз XXVI – сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын. 

2.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга 29383,2 сом, 2025-жылга долбоору 31902,5 сом, жана 2026-жылга 34043,5 сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 

3.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2024-жылга 29383,2 сом, 2025-жылга долбоору 31902,5 сом, жана 2026-жылга 34043,5 сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. 

4.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 300,0 сом өлчөмүндө белгиленсин. 

5.Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу берене чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү) ошондой эле транспорттук чыгымга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын. Эмгек акыга 13338,7 сом, соц фондко 1697,4 сом, транспорттук чыгымдарга 300,0 сом,  интернеттик жана телефондук байланыштарга 100,0 сом жана балдарды мектепке ташууга 270,0 сом. 

6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттинин 1% эсебиндеги 290,0 сомдук Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн. 

7.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 40-беренесинин 6-пунктуна ылайык кеңештин төрагасына компенсация өткөргөн ар бир сессиясына эмгек акы төлөп берилсин. 

  1. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 01.01.2024-жылга калган калдык акчасын отургузуу боюнча айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде 5 000 000,0 сом акчаны кайра бөлүштүрүү фондунун ижара эсебинде 14152600 беренесине 01.07.2024- жылга чейин отургузуу милдеттендирилсин. 
  1. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөрүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү, өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижаранын түрү боюнча баардык ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко жүктөлсүн. 

10.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын. 

11.Токтомдун  аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

  Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                 А. Кубатбеков