“Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду” долбоорлорду кабыл алат

“Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду” долбоорлорду кабыл алат
“Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду” Жалал-Абад облусунун шаарларынын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулугунун жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерди колдоо максатында, өз алдынча башкаруу органдарынан жана мамлекеттик органдардан 2025-жылдын 5-ноябрына чейин долбоорлорду кабыл алууну баштаганын жарыялайт!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554-сандуу “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” типтүү жобого ылайык, фонддун бюджеттик каражаттарынын эсебинен төмөнкү багыттар боюнча долбоорлор каржыланат:
1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд (мындан ары – ФКФ) тарабынан мөөнөттүү, акы төлөнүүчү жана кайтарымдуу шарттарда берилүүчү бюджеттик кредиттер аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо;
2.“Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун катышуучуларынын экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу;
3.Ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо;
4.Социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлордун долбоордук-сметалык жана башка техникалык документтерин иштеп чыгуу;
5.Саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармактарындагы объекттерди куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоо;
6.Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системалары боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
7.Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ирригациялык тармактарды жана гидротехникалык объекттерди оңдоо, калыбына келтирүү;
8.Жол жана турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоо;
9.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорт жана башка техникаларды сатып алуу;
10.“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (МИК) менен тиешелүү финансылык макулдашуулар аркылуу мөөнөттүү жана кайтарымдуу негизде финансылык каражаттарды берүү жолу менен жарандарды турак жай менен камсыз кылуу иштерин каржылоо;
11.Калктуу конуштарды абаттоо, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо алкагында сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу;
12.Иштин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган инновациялык долбоорлорду илгерилетүү;
13.Ишкердик субъекттери үчүн кошумча киреше алып келүүчү жашыл долбоорлорду өнүктүрүү;
14.Энергиянын кайра жаралуучу жана таза булактарын, энергияны үнөмдүү технологияларды, калдыктарды башкаруу жана жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүүнү камтыган инновациялык жашыл продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу;
15.Жашыл технологияларды жана практикаларды колдоо үчүн кошумча инвестицияларды тартуу;
16.Алдыңкы жашыл технологияларды жана материалдарды колдонуу аркылуу парник газдарынын бөлүнүшүн азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу үчүн инновациялык жана экономикалык натыйжалуу ыкмаларды киргизүү;
17.Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды илгерилетүү;
18.Калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу;
19.Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, анын ичинде энергия жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
20.Фонддун жылдык бюджетинин кеминде 3 пайызын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү, жабыркаган калкты материалдык жактан колдоо (тамак-аш, турак жай, күйүүчү май жана биринчи зарылдыктагы товарлар менен камсыздоо) иштерине багыттоо;
21.Жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
Долбоорлорду тандоо үчүн керектүү документтердин тизмеси жана долбоордук өтүнмөнүн нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554-сандуу “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” типтүү жобосунда көрсөтүлгөн.
Долбоорлор 2025-жылдын 5-ноябрына чейин, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Документтердин сканерленген варианттары флеш-накта (USB) форматында долбоор менен бирге тапшырылышы зарыл.
Дареги: Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Абдурахманов көчөсү №6, жаңы административдик имараттын 1-кабаты.
Байланыш телефондору: (0226) 18-08-48
(0777) 64-80-91 (факс).