Бишкек — Ош автожолундагы 750 метрлик тоннелдин курулушуна старт берилди

Маалым болгондой, аталган унаа жолдун 400-чакырымына, тагырагы Кара-Көл шаарынын аймагындагы тилкесине 750 метрлик тоннелдин Япон өлкөсү куруп берет. Сөз болуп жаткан тилкеду буга чейин таш кулоо коркунучу жаралып, жолоочуларга кыйынчылык жаратып келчү. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата жана Кара-Көл шаарынын тургундары катышты.
Облус башчысы Тилек Текебаев кыргыз-япон кызматташтыгы көп жылдардан бери уланып келе жатканын белгилеп, бул өлкөнүн ички жол тармагындагы стратегиялык мааниси чоң, каттам коопсуздугун камсыздоого салым кошуучу маанилүү долбоор экенин айтты. Өзгөчө кыш мезгилинде кар көчкү, муз тоңуу сыяктуу табигый кырдаалдардан улам кыйналып келген айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн жеңилдик жаралаарын кошумчалады.