Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жана айылдык кеңештин депутаты Б. Саттаровдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXIII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 1 Т О К Т О М У 1-декабрь 2023-жыл
Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жана айылдык кеңештин депутаты Б. Саттаровдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кызыл-Кыя айлынын тургундарыны таза суу менен камсыз кылуу максатында бүгүнкү күндө иштеп жаткан “Кызыл-Кыя” Таза Суу ишканасынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатында кошумча суу насос алуу жана жер түбүнөн суу чыгаруучу эски насосту ремонттого керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXIII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жана айылдык кеңештин депутаты Б. Саттаровдун кайрылуусу эске алынсын.
- “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасына жергиликтүү калктын таза ичимдик суу менен үзгүлтүксүз камсыздалуусун эске алып, таза ичимдик сууну үзгүлтүкө учуратпоо максатында жаңы насос алуу аны орнотуп ишке түшүрүү жана жер астынан суу чыгаруучу насосту ремонтто үчүн керектелген 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
- Жогоруда каралган акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков