Бүргөндү айыл өкмөтүнүн “Намаздык - Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жыл ичи аткарган иштери жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 1 ТОКТОМУ 2-февраль 2024-жыл
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн “Намаздык - Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жыл ичи аткарган иштери жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
“Намаздык - Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү бирикменин башчысынын маалыматын жана 2024-жылга карата бюджетин, түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысынын 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы жана “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата түзүлгөн бюджети ошондой эле иш-планы жөнүндөгү берген маалыматы эске алынсын.
- “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысынын 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү отчеттук маалыматы сессиянын жүрүшүндөгү сунуштарды эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
- “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата түзүлгөн бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
- “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы сессиянын жүрүшүндө сунушталган сунуштарды киргизүү менен бекитилсин.
5.Аймагыбыздагы жайыт пайдалануучулардын жайытка болгон төлөмдөрүн өз учурунда өндүрүү жана жайыттарды мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ар тараптуу натыйжалуу пайдалануу ошону менен бирге жайыт комитетинин бюджетин жогорулатуу максатында тиешелүү иш чараларды көрүү жагы “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Халиевге милдеттендирилсин.
6.Улуу жайлоолорго баруучу жолдорду жана жакынкы кыштоолорго баруучу жолдорду ошондой эле сел нугунда жайгашкан көпүрөлөрдү алдына ала калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Халиевге жүктөлсүн.
“Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыты менен коңшу жайгашкан айыл өкмөттөр менен болгон чек араларын аныктап, тактоо иштерин аягына чыгаруу жагы “Намаздык-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Халиевге жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков