Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын №362 тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызмат ордуна Увайдиллаев Исламбек Увайдиллаевич дайындалды.
Жаңы дайындалган орун басарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев облустук активине жана өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлерине тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда облус башчысы Исламбек Увайдиллаевге алдыдагы жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалап, социалдык тармактагы иштерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө ишеним билдирерин айтты.
Ошондой эле ал калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарындагы милдеттер өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын кошумчалады.
Буга чейин бул кызматты Урмат Самаев жетектеп келген.