Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имаратта уюштурулган ишембиликке катышты.
Ишембиликке ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлери, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жамааттары катышты. Анын алкагында курулуш иштери аяктаган аймактарда тазалоо,
таштандыларды чыгаруу жана иретке келтирүү жумуштары жүргүзүлдү.
Облус башчысы Тилек Текебаев ишембиликтин жүрүшү жана административдик имараттагы курулуш иштеринин абалы менен жеринде таанышты. Ал курулушту аткарган компанияга жумуштун темпин ылдамдатуу, жумушчу күчүн көбөйтүү жана сапатка өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо үчүн облустук жана шаардык бийлик тарабынан бардык мүмкүн болгон жардамдар улантылаарын кошумчалады.
Жаңы административдик имарат 31-август– Эгемендүүлүк майрамынын алкагында салтанаттуу ачылат.