Жалал-Абад облусунун башчысы Аялзатын куттуктап белек берди
Өткөн аптада, 8-март–Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.
Саамалыкка облус аймактарынан келген жалпы 100 аял катышты. Алардын арасында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарында, мамлекеттик кызматта эмгектенген кызматкерлер, коомдук активисттер, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин апалары жана көп балалуу “Баатыр Энелер” болду.