Шерматов Кубанычбек Абдыжапарович - Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Шерматов Кубанычбек Абдыжапарович - 1990-жылдын 24-сентябрында Ош шаарында төрөлгөн.
Билими — жогорку:
• 2013-жылы Жалал-Абад укук, бизнес жана компьютердик технология институтунун Юриспруденция адистигин артыкчылык диплом менен аяктаган;
• 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча магистратураны артыкчылык диплом менен аяктаган.
•2014 - жж. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
•2014 - 2016 жж. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
•2016-ж. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Базар-Коргон райондук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
•2016 - 2021 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жетектөөчү адис – юристи;
•2021 –2022 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Мүлктү каттоо жана башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
•2022 - 2023 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адис – юристи;
•2023 - 2024 жж. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башкы адис – юристи;
•2024 –2026 жж. Манас шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы.
Эскерте кетсек, Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматын буга чейин Гулбарчын Таштанбекова аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.