Жалал-Абадда өрт өчүрүүчүлөр жарандарды тилсиз жоодон сак болууга эскертишти

Жалал-Абадда өрт өчүрүүчүлөр жарандарды тилсиз жоодон сак болууга эскертишти

Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 61 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоодон 18 млн 560 миң 331 сомдук материялдык зыян келген. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Иманов билдирди. Мындан улам адистер жарандар арасында түшүндүрүү иштерин алып барууда.

«Аба-ырайы төмөндөп, мештерге от жагуудагы, электр жылытуучу приборлорду колдонуудагы эрежелердин бузулушунан улам турак-жай секторунда өрттөрдүн күч алуусу күтүлөт. Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад шаарынын аймагында 61 өрт катталса, анын ичинен 24ү турак-жай секторунда катталып анын кесепетинен 18 млн 560миң 331 сомдук зыян келтирилген.

Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү от жагуу мезгилинде өрт кырсыктарын жана мештен чыккан ис газына ууланууларды алдын алуу максатында жарандарды күнүмдүк турмушта, от жагууда жана электр жылытуучу приборлорду колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин сактап, мештерди жана жылытуучу электр приборлорун дайыма оң абалда кармап, мештердин морлорун тез-тез тазалап турууну, жылытуучу электр приборлорун коопсуз жайга орнотууну, жаш балдарды кароосуз калтырбоону эскертип түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз»,-дейт майор А. Иманов.

Мындан сырткары ал мешке от жагуудагы бир катар эрежелерди атап өттү.
1) от күйүп жаткан мешти кароосуз калтырууга, ошондой эле көзөмөлдөөнү балдарга тапшырууга;
2) отунду, башка күйүүчү заттарды жана материалдарды төшөлгөн темирдин бетине калтырууга;
3) желдеткич жана газ каналдарын мор катары пайдаланууга;
Мештен чыккан күл менен шлак суу куюп өчүрүлүп, атайын бөлүнгөн жерге төгүлүүгө тийиш.

"Акыйкат"