Рамазан айындагы кайрымдуулук

Рамазан айындагы кайрымдуулук

Бишкек шаарындагы «Сузак биримдиги» коомдук бирикмесинин  тобу Рамазан айында кайрымдуулук иштерин колго алышты. Алар адегенде Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-оокат таркатуу менен 500 адамга бир мезгилде ооз ачуу өткөрүштү. Ал эми бул команда Сузак районуна да келишип, райондогу 500 аз камсыз болгондордун үй-бүлөсүнө  азык-оокат салынган баштыкча таркатышты. Анын ичинде ун жана ун азыктары, май, чай, кант жана күрүч бар. Аталган уюмдун жетекчиси Гүлжигит Жумаевдин айтымында “мындай саамалыкты ар жылы колго алышат. Каражатты уюмдун Бишкек шаарындагы мүчөлөрү жыйнашат.  Быйыл  да Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө эле башташып, ооз ачтыруу менен катар баштыкча тарткатууну жүргүзүп жатышат. Ушул күнү  райондогу 300 адамга ооз ачырышты”.

Белгилей кетели, бул бирикменин мүчөлөрү Сузак районунан чыккан окумуштуулар, бизнесмендер,ишкерлер, маданият кызматкерлери. Райондун акиминин орун басары Гүлмира Камбарованын белгилөөсүндө “аталган бирикменин жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүлүп,ар бир айыл аймактардагы аз камсыз болгон жана жардамга муктаж,ата-энеси миграцияда жүргөндөрдүн тизмеси такталган. Демек, баштыкчаны болушунча дарегине жеткирүү аракеттери болот. Бул үчүн ар бир айыл аймактын тиешелүү кызматкерлерине катуу тапшырма берилген”.

“Акыйкат”