Облус жетекчиси Эгемендүүлүк майрамынын алкагында Сузак району жана Жалал-Абад шаарындагы ишке берилүүчү объекттерди көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгын утурлай Сузак району жана Жалал-Абад шаарында ишке берилүүчү бир катар объекттердин абалы менен таанышты.
Облус башчысы тийиштүү жетекчилерге аталган объекттердин ачылыш аземине карата бардык даярдык чараларын өз убагында көрүү зарылдыгын эскертти.