Жалал-Абадда авто ээнбаштык жасаган айдоочуга 35миң сом айып пул салынды

Социалдык тармактарда алдыңкы айнектери караңгылатылган “KIA” үлгүсүндөгү унаанын айдоосусу калаанын Мурзакул Болуш көчөсүндө көлүгүн артка айдап бара жаткан видео тарады. Окуя, 17-август күнү орун алган, кечээ 18-августта жол кыймылын тескеген инспекторлор айдоочуну таап, ага 2-беренн боюнча протокол толтурулуп, унаа айып короого киргизилген.
“Унаанын айдоочусу авто ээнбаштык жасаганы табылып, чара көрүлгөн. Ошол эле учурда унаанын маңдайкы айнектерин уруксаты жок караңгылатып алганы аныкталды. Карата КРнын Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси 1-пункту жана 194-берене 3-пункту менен протокол толтурулуп, айып короого киргизилди”,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.
КРнын Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси Автоээнбаштык 1-пункту 1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети, - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
194-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу
3-пункт Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу - жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.