Сузакта мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр, ден-соолугунан майыптыгы бар классташына 3 бөлмөлүү үй салып беришти

Саамалык райондун Жаңы-Дыйкан айылында ишке ашкан. Демилгечилердин бири Захид Маматюсупов классташ балдар жалпы 625 миң сом каражат чогултканын айтат.
«Биз 2005-жылы Жаңы-Дыйкан айылындагы №29 Талип Муратов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепти аяктаганбыз. Бул жылы мектепти бүтүргөнүбүзгө 20 жыл болду. Башта биз да бул юбилейди эл катары майрамдасакпы дегенбиз. Бирок, классташ кызыбыз 2-топтогу майып болуп, атасынын эски үйүндө жалгыз калып кеткендиктен, анын турак үйүн жаңылап берүүнү колго алдык.
Алгач классташ 25 бала 25 миң сомдон акча чогултуп, эски үйдү бузуп, анын ордуна 3 бөлиөлүү бардык шарты менен жаңысын салып баштадык. Жалпы 625 миң сом чогулду, иштин жүрүшүндө классташ балдардын бири 50 миң сомго тинике алып берди.
Ал эми, классташ кыздарыбыз чогулуп үй ичине керек болгон эмеректер, буюм-тайымдар, төшөк, идиш-аяктан бери алып беришти»,-деди ал.
Буга чейин да Сузакта мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр өздөрү билим алган мектепти 1,5 млн сомго оңдоп берген болчу.