Сузактагы Көк-Арт дарыясынан кум-шагыл алууга чектөө кирди

Сузактагы Көк-Арт дарыясынан кум-шагыл алууга чектөө кирди

 Мындай маалыматты Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Эрматов ишкерлер менен жолукканда айтты. 
Анын айтымында, дарыянын нугунан өз билемдик менен жана адистердин көрсөтмөлөрүн эске албай ири көлөмдө кум-шагыл алуу айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү тургундардын жашоосуна олуттуу коркунуч жаратууда. Натыйжада суу коргоочу тосмолор авариялык абалга келсе, Сузак району менен Жалал-Абад шаарындагы 7475 кожолукка таандык 2495 гектар айдоо жери суу алдында калуу коркунучу бар. Ошондой эле бул жагдай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулган жээк коргоочу курулмаларга зыян келтирет.
“Көк-Арт дарыясынын Жыгач-Коргон айылынан Япон көпүрөгө чейинки аралыкта кум-шагыл алууга тыюу салынды. Алдыда тийиштүү комиссия текшерүү иштерин жүргүзүп, зыяндын көлөмү аныкталат. Анын негизинде эрежеге баш ийбеген тараптарга айып пул салынат”,-деди ал. 
Кошумчалай кетсек, учурда Көк-Арт дарыясында жалпы 25 ишкер 2035-жылга чейин кум-шагыл алууга лицензия алган. Бирок 2023–2025-жылдары кум-шагыл алууда ченемден ашпоого байланыштуу бир катар буйруктар чыгарылганына карабастан, айрым ишкерлер талапты сактабай өз алдынча иш жүргүзүшкөн. 

Кооптуу участоктордун бири – Жалал-Абад–Благовещенка автоунаа жолундагы көпүрөдөн, Бишкек–Ош жолунун “Япон көпүрөсүнө” чейинки 7,6 чакырым аралык болуп саналат.

Жыйында ишкерлерге альтернатива катары Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы Кашка-Терек жана Топурак-Бел тилкелеринен кум-шагыл алуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.