Жалал-Абад ОИИБде 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгын чыгарган кеңешме болду

Жалал-Абад ОИИБде 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгын  чыгарган кеңешме болду

Бүгүн, 6-декабрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин 2024-жылдын 11 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралган ыкчам кеӊешме болүп өттү. Кеӊешмеге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары, бөлүм кызматтарынын башчылары жана ШРИИБдин жетекчилери катышышты.

Коюлган негизги беш маселени кароодо бөлүм, кызмат жана ШРИИБдин башчылары баяндама беришип, аткарылган иштер, ошону менен катар бир топ кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюудагы иштер жана кызматкерлердин жоопкерчиликтери каралды.

Милициянын полковниги Марлис Асанов жыйындын жүрүшүндө ар бир жетекчиге өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткаруу менен кылмыш иштеринин сапаттуу тергелишине, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетинин ачууда, алдамчылык, мал уурулук, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, банги заттарды мыйзамсыз колдонуу, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка токтолуп, бул багыттарда тиешелүү жумуштарды жандардырууну белгилеп өттү.

Ошону менен катар жалпы кылмыштулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, синтетикалык баӊгизатка каршы күрөшүүнү, диний-экстремизмге каршы аракеттерди күчөтүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир нече талаптарды койду.

Ал эми жер-жерлердеги ШРИИБдин жетекчилерине өздүк курам арасында мыйзамдуулук жана кызматтык тартипти сактоодо, жаш кызматкерлерге насаатчылык, окутуп үйрөтүү иштерин уюштурууну, жеке көзөмөл астында ишке ашыруу учурдун талабы экендигин белгиледи.

Жетекчилик тарабынан коюлган ар бир талаптар так жана өз убагында аткарылуусун талап кылып, жарандар тарабынан келип түшкөн арыз даттануулар өз убагында аткарылуусун эскертти.