Таш-Көмүрдө жасалма жол менен спирт ичимдигин даярдаган жарандар кармалды

Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан “притон” жана “автопритон” иш-чарасы учурунда жасалма спирт ичимдиктерин жасап аны таркатып жүргөн жарандар аныкталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 1971-ж.т. У.С.,Б.С. жана Ала-Бука районунун 1972-ж.т. У.Б аттуу тургундары такталып, жалпы 2935 (эки тонна тогуз жүз отуз беш) литр спирт ичимдигине окшогон суюктук заты алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Ал эми дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык 80 пайыз жасалма (самагон) экендиги аныкталган.
Аталган факты Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана алкаголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.