Сузакта экстремисттик уюмдун мүчөлөрү камакка алынды

2025-жылдын 15-август күнү Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын аймагында сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жашыруун сабактарды уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, “Хизб-ут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү 1968-ж.т. А.Х., 1972-ж.т. Х.М., 1974-ж.т. Л.Э., 1975-ж.т. Р.А., 1978-ж.т. А.А., 1979-ж.т. Я.К. жана 1983-ж.т. Б.К. аттуу Сузак районунун тургундары кармалып, камакка алынган.
Ошондой эле төмөндөгү жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзгөн учурда далил катарында“Хизб-ут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик уюмуна таандык болгон 71 даана китеп, 19 даана брошюра, 10 даана уюлдук телефон, 1 даана DVD дисктер алынып аларга карата соттук-экспертиза дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.