Ала-Бука районунда 9 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Ала-Бука районунда 9 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды
Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 15-августтан 25-августка чейин райондун аймагында «Арсенал» аталыштагы иш-чарасы өткөрүлү. Ал эми иш-чара учурунда Ала-Бука районунун аймагында жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталып, колдонулуп жүргөн жалпы 9 ок атуучу курал аныкталган.
Аталган факты Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.