Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа кырсыктап 34 жаштагы чет элдик жаран каза болду
Маалым болгондой, жол транспорт кырсыгы 13-апрель күнү кечки 19:30дар чамасында унаа жолдун 562-чакырымында, тагырагы Топурак-Бел ашуусунда орун алган. Окуянын күбөлөрү билдиргендей “Деу Нексия”, “Хонда Хит” жана “Хундай Соната” унаалары кырсыктап, окуя болгон жерде 1 киши мүрт кеткен.
Аталган кырсык тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустуктук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү да ырастап буларды билдирди.
“Унаа жолдун Сузак районундагы тилкесинин 562-чакырымында, Өзбек республикасынын Наманган шаарынын 1992-жылы туулган тургуну О.У. Ж өзүнө таандык болгон "Дэу-Нексия" үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси 50F893DB сандуү автоунаасын түштүктөн-түндүктү көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү автоунаасынын жолуна чыгып барып кагылышып башкаруусун жоготуп "Хундай-Соната" үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол транспорт кырсыгын жасаган.
Натыйжада: "Дэу Нексия" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болгон”-,деп айтылат мекеме берген маалыматта.
Ал эми, Сузак аймактык бейтапканасынан билдиргендей аталган жол кырсыгынан тез жардам менен "Дэу Нексия" унаасынын жүргүнчүсү келип, амблатордук жардам алып чыгып кеткен.